Джош Макдауэлл Эд Стюарт КУДАЙДЫН ЭРКИН ИЗДӨӨ ЫРААЗЫЧЫЛЫКТАР Биз ыраазычылыгыбызды «Интимет Лайф Министрисдин» (Остин ш. Техас штаты) директору Девид Фергюсонго билдиребиз. Ал ушул сериянын жазылышына чоӊ салым кошкон. Бул адамдын таасири, «Интимет Лайфтын» принциптери ушул китептердин ар биринде айкын көрүнүнүп турат. Өзүнүн жеке үлгүсү менен, Девид Кудайдын колдоосун, сооронучун жана кубаттоосун бизге көрсөтүп турду; Ошондой эле жыйырма үч жылдан бери менин жардамчым болуп келген Дейв Беллисге долбоорубузду даярдоодо жана уюштурууда көрсөткөн жардамы үчүн тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Ушул сериядагы окуялар анын «Youth in Crisis Resource» үчүн жазылган программаларынан алынган; Жана дагы, биздин китептерди басып чыгарган Джои Полго жана «Уорд Паблишиӊге» биздин долбоорубузга колдоо көрсөткөндүгү үчүн тереӊ ыраазыбыз. БОББИНИН ОКУЯСЫ Бобби Франклин колунда бейсбол таягы (бита) менен оюн талаасын көздөй бара жатканда, колдоочулардын саламдашууларын деле уккан жок. Трибунада анын ата-энеси жана дос кызы Эшли отурган эле. Ошол эле жерде жыйындан келген көп достору да бар болчу. Ал бардыгын жакшы көрчү жана алардын баары таймашты көрүүсүн каалаган, бирок анын бардык көңүлү таймашка бөлүнгөн эле. Анын тайпасы утабы же утулабы, айтор, бул анын мектептеги акыркы оюну болчу, ал толугу менен ушул оюнга негизделди. Анын бул жөндөмү жана эң жакшы ойноосу аны мектептеги топтор арасындагы эң мыкты оюнчу наамына талапкерликке алып келди. Бүгүн бардык чемпионаттын тагдыры чечилип жаткан. Кайтарып уруучунун зонасындагы орунду ээлеп, Бобби таягы менен бир нече шилтем жасап көрдү. Ал эмне кылыш керектигин так билген. Анын тайпасындагы оюнчулар эчак биринчи жана үчүнчү базаны ээлеп турган, эми ал ички аянттан топту уруп чыгарышы керек. Жакшы сокку анын тайпасына жеңиш алып келмек болсо, ката үчүн анын мектептеги бейсболдук карьерасындагы эң акыркы таймашы жеңилүү менен аяктамак. «Ал топту ылдыйдан жана зонадан тышкары берет, — деп Бобби узун бойлуу топ берүүчүнү тигиле карап, өзүнө айтып жатты. — Ал ката кетирет. Бир аз күтүп тур, анан топту чап». Топ берүүчү тап бере баштаганда, Бобби таягын көтөрүп ичинен сыйынды: «Теңирим, мен Сен үчүн колумдан келгендин бардыгын жасашым үчүн жардам бер». Бобби бейсболду жакшы көрчү, бирок ошо менен бирге ал өзүнүн таланты аркылуу Кудайдын даңкталышын абдан каалаган. Алдыңкы эки топ берүү ал күтүп жаткандай эле сокку зонасынан сырткары чыгып кетти. Үчүнчүсү башында жакшы келатып эле, капысынан четке кыйшайып кетти. Кийинкиси такыр эле ийгиликсиз, топ сокку зонасынын алдында жерден секирип качты жана жакшы оюн көрсөткөн кетчер гана үчүнчү зонадагы чабуулчулардын оюнчусуна упай утканга тоскоолдук көрсөттү. «Сен берген топту кармайм, — деп ойлоду Бобби, топ берүүчүнү карап. — Сокку зонасынын үстүңкү бурчуна ураарыңды билем». Бобби акыркы учурга чейин топту ээрчий карап, сокку жүргүздү. Биринчи зонаны көздөй чуркап баратып, сол жак аянттагы оюнчу түшүп келе жаткан топту күтүп, бир демге токтоп калганын байкады. Андан кийин ал топтун оюнчунун капканына түшкөнүн көрдү. Ошол заматта Майк Таггер өздүк базаны көздөй чуркады. Сол аянттагы оюнчу да дал ошондой кылды. Бобби өзүнүн соккусу жетишээрлик терең болбой калганына өкүнүп кыймылдабай турду жана Майк Таггер биринчи болуп базага жетип, оюн көрсөткүчүн теңеп салышын каалап турду. Экөө тең бирдей убакта чуркап жетти. Сапырылган чаңдын арасынан калыстын оң колу көтөрүлдү, Бобби «Аут!» деген үндү укту. Оюн жана бүт чемпионат жеңилди. Боббинин мектептеги бейсболдук карьерасы сыяктуу эле сезон да аяктады. Атаандаштардын тайпасы кубанычтан кыйкырып жатты жана Бобби тайпасындагы оюнчулар менен бирге атаандаштарды куттуктоо үчүн биринин артынан бири тизилди. «Мыкты оюн, мыкты оюн» — деп чын жүрөктөн ал ар бир оюнчуга айтып жатты. Жеңилүү ага көңүл калуу алып келди, бирок бүгүн чыныгы күчтүүлөр жеңишке жетти жана Бобби өзүнүн капалуу өңү менен алардын майрамын бузгусу келген жок. Бир канча көз ирмемден кийин Боббинин жанына жергиликтүү телевизиондук станциянын (каналдын) спорттук баяндамачысы жана видеооператору келип калды. Жергиликтүү гезиттер жана телевидение Боббини мактап, аны жылдыз деп аташкан — ал дайым буга көңүл бурбоого аракет кылчу. Боббиден бир канча жолу спорт жаңылыктары үчүн интервью алганына карабастан, ал камеранын алдында өзүн ыңгайсыз сезчү. Камера Боббини көздөй багытталганда, спорт баяндамачысы өзүнүн репортажын баштады: — Мен Бобби Франклиндин, бул жылдын эң мыкты оюнчусу наамына талапкеринин жанында турам. Бобби, сен лиганын эң мыкты оюнчусу болдуң. Ушундай ийгиликтүү сезондун акырында сенин тайпаң жеңилип калганда, кандай сезимдер болуп жатат? — Албетте, биз бүгүнкү жеңилишибизге капабыз. Бирок бул эң сонун сезон болду, мен аны эч качан унутпайм. Баяндамачы чемпиондук үчүн болгон оюн тууралуу бир нече суроодон кийин, келечектеги пландарга өттү: — Бобби, азыр бардыгын кызыктырып жаткан нерсе, мындан кийин эмне кылайын деп турасың. Колледжде да бейсбол ойнойсуңбу? Акыркы айларда Боббиге бул суроону бир нече ирет беришкен. Өзүн көргөзгүсү келбегени менен, бирок анын ичинде кандайдыр бир келишпестик болгон. — Азырынча билбейм, — деп ал адаттагыдай жооп берди. Ал билгиси келген, бирок Кудай ага кандай келечек даярдап койгондугу тууралуу так билген эмес. — Сага спортсмен катары көп стипендияларды сунушташты, туурабы? — Бир нече, — деп оңдоду Бобби. — Жана мага ушундай кызыгып жаткандары жагымдуу. Менин оюмча, эгерде бул мен кылууга тийиштүү нерсе болсо — колледжге баруу абдан жаман эмес ой. «Эгерде Кудай менден каалап жатса», — деди ал ичинде. Бобби үчүн бул өтө эле маанилүү эле. Машаякчы болгон кезден тартып, бала кезинде эле, Бобби өз жашоосунун бардык баскычтарында ар дайым Кудайдын эркин таанып-билип, ага баш ийүүгө умтулган. Бирок эгерде баш ийүү жетишээрлик оңой болсо, таанып-билүү, тескерисинче, абдан оор болгон. Өзгөчө азыр, Бобби мектепти бүтүрүп, чечим кабыл алуу алдында турганда. Кандай чечим экенин ал дагы деле биле элек болчу. — Ал эми профессионал бейсболчу болуу тууралуу кандай ойлойсуң? — деп баяндамачы уланта берди. — Менин билишимче, бул жылы сенин оюндарыңда жогорку лигадан селекционерлер болду. Бобби кепкасынын кырын көтөрүп, чекесин ойлоно тырмады. Жогорку лигалардын биринде ойноо — анын көптөн берки кыялы болчу. Ал үчүн ал жетишээрлик мыктыбы? Ага келишим сунушташабы? Эгер ошондой болсо, ал келишимге кол коюуга Кудайдын эрки барбы? Боббинин бул жөнүндө такыр түшүнүгү жок болчу. — Бейсболчунун формасын кийген ар бир эле бала кайсы бир күнү чемпионатта ойноону кыялданат, мен да алардын катарындамын, — деп күлүмсүрөп жооп берди. — Мен ал селекционерлерди көргөм, бирок алар мени менен маектеше элек. Эгер алар мага сунуштаса, мен ойлонууга тийиштүүмүн. Чындыгында, жаздан баштап ал бул тууралуу көп эле ойлонгон. Бирок анын оюн таалаасында кылган ар бир кыймылын карап турган селекционерлер сыяктуу, Кудай аны менен профессионал бейсболчу болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сүйлөшө элек болчу. — Менин угушумча, сен кийинки жылы такыр эле ойнобой калышың ыктымал, — деп улантты баяндамачы. — Ооба, мүмкүн, — деп жооп берди Бобби. — Мен караштырып жаткан варианттардын бири бул бейсбол ойнотулбаган библиялык колледжге тапшыруу. — Сен үч жыл ушундай мыкты ойногондон кийин, бут кийимиңди мыкка кадап коюп салышың ыраспы? Ушул ойдон Бобби селт этти. Ал бейсболду таштагысы келген эмес. Бирок эгерде Кудай аны библиялык колледжге жиберсе, ал жакта бейсбол болбойт. — Ооба, мен бейсбол ойноону токтотушум мүмкүн, — Бобби өзүнүн көңүл калуусун көрсөткүсү келбей жооп берди. — Эгер бул Теңир менден каалаган нерсе болсо. Баяндамачы интервью үчүн Боббиге ыраазычылык айтып, оператор менен бирге жеңүүчү тайпанын топ берүүчүсүн издеп жөнөп кетти. Боббини ата-энеси чыдамкайлык менен күтүп жатты. Анын тайпасы жеңилип калганына карабастан, алар аны сыймыктана кучактап, жакшы оюн көрсөткөндүгү үчүн куттукташты. Анан ал Эшли Шепард менен бетме-бет кезигишип калды. Кудай Эшлини аны ага өмүрлүк жары кылып дайындаганы — Бобби өзүнүн бейсболдук карьерасын улантуу керекпи же керек эместиги сыяктуу, ага белгисиз болгон. Бирок ал өз жашоосунда Эшлини жана бейсболду болушунча узагыраак сактап калууну кааалаган. Ал эми анын келечеги жөнүндө, Кудай дагы деле ага ачып бере элек сырдын бир тарабы Эшли болчу. Бобби Кудай Эшлини анын жашоосунда кандай орунга койгондугу тууралуу билбегендиктен, экөөнүн келечеги тууралуу токтоолук менен унчукпай турган. — Силердин утулуп калганыңар абдан өкүнүчтүү, Бобби. Сен мыкты ойнодуң. Бирок чынында бул абдан маанилүү эмес, анткени сен мен үчүн ар дайым жеңүүчүсүң! Анан Бобби Эшлинин жүзү капыстан кайгыланганын көрдү. Ал анын көйнөгүнө бетин сүйөп ыйлай баштады. Ал анын көз жашына таң калып, жөн гана кучактап турду. «Эгер оюн — анча маанилүү эмес болсо, анда ал эмнеге ыйлап жатат?» — деп ойлонуп жатты Бобби. ЭШЛИНИН ОКУЯСЫ Эшли өзүнүн көз жашынан уялды, бирок токтото алган жок. Оюн бүткөндө ага капысынан ой келди: «Бул биздин мамилебиздин аягынын башталышы. Бир нече айга жетпей, ал окуусун бүтүп, библиялык колледжге кетет же кайсы бир жакка бейсбол ойнош үчүн кетет. Ал дагы башка көп кыздарга жолугуп, мен жөнүндө унутат. Мен анда эмне кылам?» Үч жыл мурун алар сүйлөшүп баштаганга чейин, Эшли Бобби экөөнүн кайсы бир убакта үйлөнүшөөрүнөн шектенген эмес. Ал өзүнүн жаңы фамилиясын жазып машыккан: Эшли Джанин Франклин, миссис Роберт Франклин, Бобби жана Эшли Франклин. Ал фарфордун, идиш-аяк топторунун, эмеректердин каталогдорун чогултуп, үйдүн ички жасалгасы тууралуу журналдарды сатып ала баштаган. Атүгүл, кайсы бир күнү болот деген үмүттө Бобби экөөнүн болочок балдарына аттарды ойлоп тапкан: кичүү Бобби, Бретт, Британи, Бесс. Бирок бул нерсенин баарын ал жашыруун кылган жана эч кимге бул жөнүндө айткан эмес, өзгөчө Боббиге. Ал өзүнүн окуусу, бейсбол жана жыйындагы жаштар менен алек болуп, ушунчалык бош эмес болгондуктан, экөө бирге болоору тууралуу али ойлонгон да эмес. Буга Кудайдын эрки бар экенине Эшли эч шектенген эмес. Алар бири-бирине төп келишкен. Бирок Бобби муну өзү түшүнүшү керек болчу. Бирок түшүнөбү? Дал ушул суроо анын көз жашынын себеби болду. Эгер Бобби ушунун бардыгын көрбөсөчү? Эгер Боббинин бардык жашоосу бейсбол менен жыйын кызматынан айланасында түзүлсөчү, эгер ал өз карьерасына ылайыктуу башка кызды таап алган болсочу? Эшлинин ата-энеси аны жакынкы жердеги жогорку окуу жайга тапшыруусун каалаган, ошондуктан эгер Бобби башка бир жакка кете турган болсо, ал ага башка кыздар менен сүйлөшүүгө тоскоолдук кылбайт болчу. Таймаштын акыры күтүүсүздөн анда коркунуч сезимдерин ойготту. — Сен эмнеге ыйладың? — деп, ал көз жашын аарчыгыча Бобби сурады. Алар чогуу Боббинин тайпасы отурган автобусту көздөй басышты. Бобби жуунуп, кийимин алмаштырып, шкафын жыйнаш үчүн мектепке кайтышы керек эле. — Абдан деле маанилүү эмес, баары жайында. Менин оюмча, бул жөн гана оюндан кийинки эмоциялар, — деди Эшли, көз жашын токтотуп. Ал ыйынын чыныгы себебин Боббиге айтпагандыгы үчүн өзүн бир аз күнөөлүү сезип жатты. — Ооба, мен ойдогудай оюн көрсөткөн жокмун, бирок бул жөн гана оюн. — Туура, бул жөн гана оюн, — деди ал, Бобби аны бул тууралуу териштирип сурак албагандыгына ыраазы болуп. — Мен мектептеги бардык иштеримди бүтүрүүгө үч саат кетет, — деди Бобби автобуска жакындаганда. Алардын айланасында Боббинин тайпасындагылар жана анын достору ары-бери басып жүргөн. — Эгер кааласаң ананыраак жолугалы. — Ооба, албетте, иштериңди бүтүргөндө кел. Менин апам бүгүн кечинде жумушта. Чогуу бир жерге барып тамактансак болот. — Эң сонун. Анда бир сааттан кийин жолугалы. Коштошуп жатып Бобби анын чекесинен акырын өөп, автобуска чыкты. Эшли кайрадан башталып келе жаткан көз жашын жашырыш үчүн артка карады. «Эми түбөлүккө коштошоор күн келет», — деп ойлоду ал. Боббинин ата-энеси Эшлини үйүнө жеткизип койду, ал үйдө эч ким жок экенин байкап жеңилдей түштү. Ал эмоцияларын жашыра албай калды, апасы аны түшүнмөк эмес. Эшли өзүн алсыздыгы үчүн тилдеди. «Эгер биздин бирге болуубуз Кудайдын эрки болсо, бул сөзсүз болот, — деп өзүн ынандырып жатты. — Бобби деле мен сыяктуу Кудайдын эркин издейт, эгерде ал колледжге окууга, же бейсбол ойноого кетсе да, мага кайтып келиштин жолун табат». Адаттагы капалуу суроолор аны жадатма чиркейлер сыяктуу ызалантты, ал болсо бир нече айдан бери өзүнөн кууп жаткан суроолор. «А эгер сен Кудайдын эрки тууралуу ката ойлоп жаткан болсоңчу? Силер Бобби экөөңөр үйлөнүшүңөр керек экендигин сен кайдан билесиң? Ыйык Жазуунун кайсы жеринен буга далил таптың? А балким, сен өзүңдүн жеке каалооңду чындык деп жатасың жана бул Кудайдын эрки эмес, сеники болсочу?» Бул суроолордун аркасынан башкалар да ээрчиди. «Эгер мен Боббиге турмушка чыкпасам эмне кылам? Карьерамды баштайынбы? Башка балдар менен мамиле курайынбы, бирок Боббиден башка эч ким менен бирге болгум келбейт? Мунун баары мен Боббини сүйгөнчөлүк сүйө албаган бирөөгө турмушка чыгышым менен аяктабайбы?» Бул суроонун бардыгына Эшлинин жообу жок болчу. Мындай нерселерди билүүгө мүмкүнбү? Кантип мунун баарын айкын билсе болот? Мектепти бүтөөргө бир жарым ай гана калды, ал эми белгисиздик, тескерисинче, көбөйө берди. Эшли Бобби келгенге чейин көз жашы токтоп калганына кубанды. Алар пицца бар жайга барышты. Эшли абдан аз сүйлөдү. Анын бактысына, сүйлөштүн деле кажети жок болчу. Ал жайда мектептен келген достор көп болчу, алар жеңилүү менен аяктаган бүгүнкү таймаш жөнүндө унута башташкан эле. Эшли жакшы убакыт өткөзүп, Боббиден үйгө жеткирип коюусун суранды. Кайрадан ал менен коштошуп жатып, ал көз жашын араң кармап турду. «Мен кимдир-бирөө менен сүйлөшүшүм керек, — деп түшүндү ал. — Мен Кудайдын эркин кантип таанууну билишим керек, антпесе, эсимди жоготом». Ал өзүнүн досу да үйгө бара жатканда ушул жөнүндө ойлонуп жатканын билген жок. Ой жүгүртүү убактысы «Кантип Кудайдын эркин таанып-билем?» Бул суроо — өспүрүмдөр өзүнүн руханий жетекчисине эң көп берген суроо. Алардын көпчүлүгүндө Кудайдын эрки тууралуу ак ниеттүү жана олуттуу суроо пайда болот. Бири бул жөнүндө сүйлөсө, бири түн уйкусун жоготкончо кабатырланат. Эмне үчүн Кудайдын эрки — силердин жаштагы адамдарга ушунча маанилүү? Анткени Бобби Франклин жана Эшли Шепард сыяктуу эле, бул учурда силер өз жашооңордогу эң маанилүү чечимдерди кабыл аласыңар. Эң биринчи чечим — бул ким силердин жашооңорду жетектейт. Биз көргөндөй, Бобби жана Эшли өздөрү үчүн бул суроого жооп берди. Ал экөө тең жашоосун Ыйса Машаякка тапшырды жана өздөрүнө ачылганы боюнча, Анын сөзүнө жана Анын эркине тил алып жашоону чечишти. Сиз да балким, ушундай чечим чыгаргандырсыз. Экинчиси өтө зарыл, никеге тиешелүү чечим: сиз дегеле күйөөгө тийип же турмушка чыгайын деп жатасызбы, эгер ооба десеңиз, анда ким менен өзүңүздүн тагдырыңызды байлоону чечтиңиз. Эшли бул маселени азыр эле чечти, анткени ал кимге турмушка чыгаарын билет, бирок анын Бобби менен турмуш куруусуна Кудайдын эрки бар экендигин так билбейт. Бул суроо эки эсе оор, анткени башка адамдын катышуусун талап кылат. Эшли Бобби экөөнүн никесине Кудайдын эрки бар деп ойлошу мүмкүн, бирок эгер Бобби Кудайдын эрки тууралуу бул ойго кошулбаса, анын ою көп нерсени чечпейт. Балким, силер да бирөө менен мамиле куруп жатасыңар жана силерде үйлөнүүгө карата Кудайдын эрки жөнүндө олуттуу суроолор пайда болуп жатат. Үчүнчү маанилүү чечим силердин карьераңарга тийиштүү. Жашооңордо эмне менен алек болгуңар келет? Ал үчүн кандай билим алуу керек? Силер келерки бир нече жылдарда кабыл ала турган чечимдериңер, силердин кийинки жашооңорго таасирин тийгизерин сезип жатасыңарбы? Силер жалгыз эмессиңер. Эгер силер Эшли жана Бобби сыяктуу эле, Ыйсанын артынан ээрчүүнү чечкен болсоңор, анда өзүңөрдүн никеңер жана карьераңар тууралуу маселелерди чечүүдө өтө чоң артыкчылыкка ээсиңер. Кудай силерди сүйөт жана Анын силердин жашооңор үчүн эң сонун пландары бар. Ыйык Жазууда айтылган: «Анткени Өзүмдүн силер жөнүндө ойлогон оюмду Өзүм гана билем, — дейт Теңир, — ал ой — силерге келечек, үмүт бериш үчүн, жаман ой эмес, жакшы ой» (Жер. 29:11). Кудай дагы мындай дейт: «Сени акылга келтирем, кайсы жол менен жүрүшүң керек болсо, ошол жолго салам, сени башкарып жүрөм, Менин көзүм сенин үстүңдө» (Заб.31:8). Силерге керек болгон бир гана нерсе — бул Кудайдын силер тууралуу ою жана эрки кандай экендигин билүү, — ошондо силердин тынчсызданууңар жоголот. Айтып коюш оңой, аны жасоо кыйын деп айтышыңар мүмкүн. Көптөгөн ишенүүчү өспүрүмдөр Кудайдын алар тууралуу ою бар экендигин билишет, бирок аны кантип таанып-билүү тууралуу түшүнүктөрү жок. Кудайдын планы дайым бар болгону менен, көп учурда көзгө алынбай, көңүл бурулбай калат же туура эмес түшүндүрүлөт. Эмне себептен? Анткени көп адамдар, төмөндө көрсөтүлгөн мисалдар сыяктуу, Кудайдын эрки тууралуу туура эмес түшүнүктөргө байланган. Балким, бул мисалдар силердин Кудайдын эрки жөнүндөгү түшүнүктөрүңөргө дал келет. Кудайдын эрки жашырылган жана мен аны издеп табышым керек. Кээ бир адамдар Кудайдын эркин таанып-билүү — катылган байлыкты издеп табууга барабар деп ойлошот. Кудай силердин суроолоруңардын жоопторун жашырып койгон, эгер аларды издеп таппасаңар, силерге ошончолук оор болот. Бирок мындай көз караш Кудайдын Сөзүнө дал келбейт. Кудай биз менен оюн ойноп жаткан жок. Ал Өзүнүн эркин силер аны кабыл алганга даяр болгондо гана ачып бергиси келет. Кудайдын эрки мени канааттандырбай калышы мүмкүн, ошондуктан мен аны билгим келбейт. Кээ бирлери Кудайдын эркинен коркушат. Алардын ою боюнча, Кудай алар жактырбаган бир адамга турмушка чыгуусун же үйлөнүүсүн, же өздөрү каалабаган иш менен алек болуусун талап кылат деп ойлошот, мисалы, чытырман токойго (джунглиге) миссионерликке баруу. Бирок чынында Кудай ушундайбы? Ал бизди бактысыз кылууга умтулабы? Ыйык сөз буга каршы жооп берет: «Өз Уулун аябастан, Аны баарыбыз үчүн берген Кудай кантип бизге Уулу менен кошо бардыгын бербесин?» (Рим. 8:32). Кудай биздин эң терең керектөөлөрүбүздү канааттандырыш үчүн бардыгын берешендик менен берүүнү каалайт. Мен Кудайдын эркин жарым жартылай гана аткаргым келет. Мындай көз караштагы адамдар, балким, Кудайдын эркин такыр эле таанып билишпейт. Бул абал машинени бир убакта бир буту менен газды, экинчи буту менен тормозду басып жүргүзүүгө аракет кылганга барабар. Адегенде биз: «Теңирим, Өз эркиңди ачып бер» — дейбиз, кайра ошол эле заматта: «Мен бул бөлүгүн аткаргым келбейт» — дейбиз. Эгер биз Кудай бизден бүгүн эмнени каалап жатканын аткарууга умтулбасак, эмне үчүн Ал бизге эртеңки каалап жатканын көрсөтүшү керек? Биз Кудайдын бардык эркин аткарууга умтулушубуз керек. Мен Кудайдын эркин аткарууну кааларымды же каалабай турганымды чечиш үчүн, Кудайдын эркин билгим келет. Кудайдын эркин издөө — жаңы машине сатып алуу сыяктуу эмес. Силер адегенде Кудайдын эркин «баамдап» көрүп, анан гана аны «сатып алуу же сатып албоону» чечсеңер болбойт. Силер Кудайдын эркин аткарууну каалайсыңар же каалабайсыңар. Силер Кудайдын эркин өзүңөрдүн эркиңерден да көбүрөөк каалаган убакка чейин аны такыр биле албайсыңар. Эми бул ката көз караштарды туура көз караш менен салыштырып көрөлү: Кудайдын эрки кандай болбосун, мен аны аткаргым келет. Сыйга татыктуу жалгыз бир көз караш — бул Кудайдын эрки белгилүү болгонго чейин аны кабыл алуу. Дал ушундай көз карашты забур аткаруучу (Дөөт) чагылдырган: «Мен сенин эркиңди аткаргым келет, Кудайым. Сенин мыйзамың менин жүрөгүмдө, — дедим» (Заб. 39:9). Кудай Өзүнө багынууга даяр болгондор менен оюн бөлүшкүсү келет. Боб менен Эшли туура багытта бара жатат. Аларды эмне күтүп жатканы тууралуу бир аз тынчсызданып жатканына карабастан, экөө тең Кудайдын эркин аткарууну каалайт. Аны тагыраак көрүш үчүн аларга бир аз жардам бериш керек. Мындай ой жүгүртүү дайыма сыйлыгын алаарын алар бир аздан кийин байкашат. БОББИНИН ОКУЯСЫ Бобби дем алыш күндөрдү чыдамсыздык менен күттү. Жыйындын жаштар группасындагы төрт бала, жакындап келаткан мектептин бүтүшүн үч күнгө тоого эс алууга чыгып, балык кармап, кызыктуу убакыт өткөрүү менен майрамдоону чечишкен. Алардын экөөсү, Блейк менен Иан, башка штаттагы колледжге окууга кетүүнү чечти, ал эми Бобби жана Джеф күзүндө кайда болоорун дагы деле биле элек болчу. Ошондуктан жайдын аягына чейин баары өз жолу менен тарап кете электе, алар бирге убакыт өткөзүүнү чечишти. Төртөө тең бир добуш менен тоого Даг Шоуну чакырууну чечишти. Даг Шоу жана анын аялы алардын жыйынындагы жаштар менен иштөөнү уюштуруучу ыктыярчылар эле. Эс алууга чыгууну жандай жакшы көргөн Даг дароо эле макул болду. Ушул эле учурда Джинни өз үйүнө Эшли Шепард менен бирге бир нече кызды чакырды. Жыл бою Бобби Даг менен бирге тыгыз иштешкен. Бобби жаштар группасын жетектөөгө катышкан. Ал Дагды өзүнүн ишенимдеги улуу байкеси катары көргөн. Даг бир канча ирет Блейкке, Ианга жана Джефке колдоо көрсөтүп жетектеген. Бобби бешөө бирге эң мыкты убакыт өткөрөөрүнөн шектенген эмес. Ошондой эле ал Даг менен маектешип, өзүнүн келечеги тууралуу суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк болот деп үмүттөндү. Бешинчи күнү эртең менен — жогорку класстагылардын дем алыш күнү — алар тоого жөнөштү. Түшкө маал жолдон тамактанып алып, рюкзактарын бекем байлап, токойду көздөй жол байлашты. Кечки саат алтылар чамасында алар тоо боорундагы суусу кристаллдай тунук көлдүн боюнда жайгашууга сонун жер табышты. Саат алты жарымдарда, даамдуу кечки тамакка жетишээрлик форелдерден кармашты. Ортодо жагылган отту тегерене олтурушуп, Даг жана калган төртөө мектепте өткөргөн кызыктуу күндөрүн эстеп күлүп, маектешишти. Алар бейсбол жөнүндө көп сүйлөшүштү жана тамашаларынын борборунда көп учурда алардын шаарчасынын жылдызы болгон Бобби болчу. Бобби да тамашалашып, алар менен бирге күлүп отурду. Бир маалда тынчып калганда, Бобби бир күн бою аны ойлондуруп жүргөн суроону берейин деп чечти: — Даг, сен карьераң кандай болоорун, кайсыл жерде окушуңду кантип чечкенсиң? Даг отко биз аз отундан салды. — Мен таланттарымды жана жөндөмдөрүмдү кантип аныктаганым тууралуу сурап жатасыңбы? — Ооба, аларды кандай колдонуш керек экендигин кантип чечтиң? Даг жылмайып: — Башкача айтканда, мен сендей кезимде өзүмдүн жашоом үчүн Кудайдын эркин кантип билдим? Бобби кызарып кетти. Ал чындыгында эмнени сурагысы келгендиги айкын болуп калды. — Туура, ошондой. Жалындаган от анын жүзүнүн түсү өзгөргөнүн байкаткан жок. Блейк, Иан, Джеф да Дагды жооп күтө карап, аны байкашкан жок. Бир нече секунд Даг сүйлөбөстөн оттогу отундарды аралаштырып турду. Анан ал сүйлөп баштады: — Мен мектепти бүтүп жатканда эле, силер сыяктуу машаякчы болчумун. Мен да Кудайдын менин кийинки жашоомо карата пландары кандай экендигин абдан билгим келген. Мен дайым техникалык сабактарды жана уюштуруу жагын жакшы алып кетчүмүн. Ошондуктан компьютерлер менен байланыштуу — сатуу, тейлөө жана ушул сыктуу иш жүргүзөм деп ойлочумун. — Сеники басмакана, — кошумчалады Блейк. — Башкача айтканда, сен азыр өзүң каалап жүргөн ишти жүргүзүп жатыптырсың. — Туура, бирок менде басмакана дайым болгон эмес, — деп түшүндүрдү Даг. Акыркы үч жылдан башка, Дагдын жашоосу тууралуу Бобби абдан аз билгенин эми түшүндү жана бул тууралуу көп уккусу келди. — А сен мурун эмне менен алек болгонсуң? — сурады ал. Үч досу да, аябай кызыгуу менен жооп күтүп турду. — Эки жыл флотто, төрт жыл колледжде, жети жыл атамдын эмерек дүкөнүндө болдум. Боббинин көздөрү чекчейе түштү. — Кантип эле Кудай сени флоттогу кызматтан колледжге, анан эмерек дүкөнүнө, кийин — басмаканага алып келди? Даг жылмайды. — Бул узун окуя, бирок мен силерге ыракаттануу менен айтып берем. Бирок адегенде Кудайдын эрки жөнүндө бир аз айтып бергим келет, — мен муну мектепте окуп жүргөн кезде, койчуманымдан билгем. Бул менин жашоомо абдан жардам берди жана ошол үчүн мен азыр кайда болсом, ошол жактамын. Даг таякты алып, жерге туурасынан сызык чийди. — Кудайдын эркинин эки деңгээли бар. Биринчиси — бардыгы үчүн багытталган Кудайдын эрки, же менин койчуманым атагандай — «Кудайдын универсалдуу эрки». Даг таяк менен сызыктын өйдө жагындагы боштукту көрсөттү. Таяктын учун бир аз ылдый түшүрүп ал улантты: — Андан кийин ар бир адам үчүн конкреттүү Кудайдын эрки. Көпчүлүк Кудайдын жеке аларга тиешелүү эркин билгиси келет, бирок Анын универсалдык эркине көңүл койбойт. Бул — олуттуу маселе. Биз Анын универсалдык эркине тил алчаак болбосок, анда эмне үчүн Ал ар бирибизге Өз эркин ачып бериши керек? — А сен эмнени «Кудайдын универсалдык эрки» деп атайсың? — Ыйык Жазууда жазылгандай, Анын ачык, баарыбызга жана ар бирибизге тиешелүү эрки, — деп жооп берди Даг. — Мисалы, бардыгы куткарылыш үчүн Ыйсага келиши керектиги — бул Кудайдын эрки экендигин Ыйык Жазуу боюнча билебиз. Же Тесалоникалыктарга жазылган биринчи кат, бешинчи бөлүм, он жетинчи аят: «Үзгүлтүксүз сыйынгыла». Дайыма сыйынуу жана Ал менен мамиледе жашоо — Кудайдын эрки экендигин билебиз. Кудай бизге Өз эркин Ыйык Жазууда ачып берет. Балким, силер дагы бир нерсе эстейт чыгарсыӊар? — Бири-бириңерди сүйгүлө, — деди Бобби. — Албетте, башкаларды сүйүү — бул Кудайдын эрки, — деп макул болду. — «Ата энеңерге баш ийгиле?» — сунуштады Иан. Даг башын ийкеди. Балдар Ыйык Жазуудан бир нече осуяттарды эстеп бири-бири менен бөлүштү. Анан Даг айтты: — Бүтүрүүчү класска чейин эле, мен койчуманымдан колледжге баруума Кудайдын эрки бар экендигин кантип билсем болорун сурагам. Ал менден Машаякка өз жашоомду Куткаруучу катары тапшырарымды, ата-энемдин тилин алганымды, тазалыгымды сактаганымды сурады. Койчуман айтты: «Эгерде сен Кудайдын универсалдык эркине баш ийбесең, конкреттүү иш үчүн Анын эркин издөөнүн кажети жок». Бул сөздөрдү (жашоомо) жакшылап эске тутуп алдым. Конкреттүү жагдайдагы Кудайдын эркинин сыры, адегенде, бизге али белгилүү болгон нерселерге багынууда жатат. Даг сүйлөп жатканда, Бобби өзүн-өзү текшере баштады. Анын жашоосу Кудайдын универсалдык эркине ылайык келгенби? Бобби өзүнүн жеткилеңдиктен канчалык алыс экендигин моюнга алууга аргасыз болду. Бирок ал Ыйык Жазууга баш ийүүгө абдан олуттуу караган. Ата-энеге баш ийбөө же тазалыкты бузуп коюу азгырыктары келген учурда дагы, ал өз ишенимине абдан олуттуу караган. Руханий өсүү үчүн көп боштук бар болчу, бирок Ыйсага жана Анын сөзүнө баш ийүү Бобби үчүн абдан маанилүү болгон. Даг окуясынын экинчи бөлүгүнө өткөнчө Боббинин чыдамы кетти, анткени анын келечегине байланыштуу конкреттүү Кудайдын эрки ал үчүн азыркы учурда өзгөчө маанилүү эле. Эшлинин окуясы — Джинни, — деди Эшли. — Биз баарыбыз сен Даг менен кантип таанышып, кантип бири-бириңерди жактырып калганыңар жөнүндө билгибиз келет? Эшли Джинниникинде курбулары менен эң сонун убакыт өткөзүп жатты. Бардыгына көңүлдүү жана кызыктуу болду. Эшли Джиннини өзүнүн курбусундай жакшы көрчү жана руханий жетекчиси катары сыйлачу. Жигиттер тууралуу кеп эми Джинни жана анын күйөөсү Дагдын мамилесине өттү. Кыздар анын окуясын жакшыраак угуш үчүн, ага жакыныраак отурушту. Эшли үчүн бул өзгөчө кызыктуу болчу, анткени аны Бобби Франклин экөөнүн келечеги тууралуу белгисиздик тынчсыздандырып турган. — Биз Даг экөөбүз, мен колледжде экинчи курста окуп жатканда таанышканбыз, — деп баштады Джинни. — Ал флоттогу кызматынан жаңы эле кайтып келген биринчи курстун студенти болчу. — О-о-о, деңизчиби, — (ашыктык менен) Эшлинин курбусу Дана айтты. Баардыгы каткыра күлдү. Джинни улантты: — Биз Даг экөөбүз студенттер шаарчасында Жакшы Кабар айтуу менен алектенгенбиз. Анын Теңирге кызмат кылууга чакырылгандыгы мага жүз пайыз анык болчу, — мен болочок күйөөмдөн дал ушул нерсени издегем. Андан тышкары, ал өзүнө тартып турган жагымдуу жигит эле! Кыздардын арасында кайрадан күлкү жаңырды. — Бул бир көрүп жактырып калуу болгон беле? — сурады Эшли, өзүн абдан кызыгып жаткандай көргөзгүсү келбей. — Ал сага багышталган адам экенин сен дароо эле түшүндүңбү? — Чындыгында, андай эмес, — деди Джинни. — Кудай өз эркин дароо эле эмес, акырындан ачып берерин өздөштүрдүм. Даг мени дароо эле өзүнө тарткан жок, биз жолугуп, Теңир үчүн бирге кызмат кылууну жакшы көрчүбүз. Бирок Кудай дал ушул адамды мен үчүн тандаганын түшүнгөнчө эки жылдай убакыт өттү. — А сен муну кантип түшүндүң? — деп, Эшли өз айтканынан кайткан жок. Джинни жылмайды. — Эми, кыскача жооп бергенде, ал мага сунуш жасады, мен макул болдум. Бул жолу Эшли курбулары менен бирге күлгөн жок. Ал өзүн абдан олуттуу алып отурду. Джинни анын жүзүн көрүп, улантты: — Келгиле, мен силерге окуяны толугу менен айтып берейин. Биз мамиле куруп сүйлөшүп жүргөн эки жылдын аралыгында, мен Кудайдын эркин өз жашоомдун конкреттүү төрт тармагынан издедим. Даг да дал ушундай кылыптыр, бирок мен ал жөнүндө билген эмесмин. Биринчиден, биздин мамилебизде мен библиялык принциптерге таянгам. Биз экөөбүз тең машаякчы болчубуз, ошондуктан Ыйык Сөздө тыюу салынган «ишенбегендер менен жат моюнтурукка кошулбоо» жөнүндө кеп да болгон жок. Ошондуктан мен биздин мамилебизди биргеликте руханий өсүүгө жана азгырыктарга жол бербөөгө негиздөөнү чечтим. — Силер үйлөнө электе, сен эркек көрө элек (таза) кыз белең? — деп түз эле сурады Джейми, анын курбуларынын көздөрү чекчейе түштү. Джинни бул суроого ачык болгонуна Эшли ыраазы болду. Бобби экөө тазалыкты сактоо маанисинде бири-бири үчүн жоопкерчиликтүү болчу. Ошентсе да, алардын мамилесинде эгер Бобби тырышчаактыгын көрсөтсө, Эшли багынып берүүгө даяр болгон учурлар болгон. Бирок ал эч качан андай кылган эмес. — Экинчиден, мен Кудайдын эркин сыйынуу аркылуу издегем, — улантты Джинни. — Мен Кудайдан, эгер биз бирге болууга тийиштүү эмес болсок, анда мамилебизге жолдорду жаап салуусун сурангам, же тескерисинче, эгер Ал кааласа, жолдорду ачып берүүсүн сурангам. Үчүнчүдөн, тажрыйбалуу машаякчылардын кеңештерин сурагам. Экөөбүздүн мамилебиз тууралуу объективдүү көз караштарды уккум келди. Төртүнчүдөн, экөөбүздү жакындаткан жагдайларга көңүл бурдум. Экөөбүз тең бардык жашообуз менен Кудайга кызмат кылууга умтулганбыз, бирок ал да, мен да профессионалдуу кызмат кылууга чакырыкты сезген жокпуз. Биз бир командада жакшы иштешип кеттик жана бирге болууну жактырчубуз. Эки жыл бою биз үчүн дайым жолдор ачык болгондуктан, биз үйлөнүүнү чечтик. — Кандайча «силер чечтиңер»? — деп айтып алды Эшли. — Сен «Кудай чечти» деп айткың келип жатабы? — Чынын айтканда, бул «биргелешкен чечим» сыяктуу болду, — деп жылмая жооп берди Джинни. — Биз Даг экөөбүздүн мамилебизде Кудайдын эрки бар экендигин билчүмүн, бирок Кудай мен үчүн чечим чыгарган жок. Чечимди Даг экөөбүз кабыл алышыбыз керек болчу. Кудай бизди ушунчалык сүйгөндүктөн, эгер биздин эң башкы каалообуз — Ал болсо, Ал жүрөгүбүздүн каалоолорунан ыракат алышыбызды каалайт. Эгер мен ага турмушка чыгам деп чечим чыгарбасам, эгер ал мага үйлөнөм деп чечим чыгарбаса, мен балким, менин жолдошум боло турган башка машаякчыга жолукмакмын жана ага да Кудайдын эрки болмок. Бирок менин жүрөгүмдүн каалоосу дал ушул Даг болчу жана мен аны тандадым, ал мени тандады. Жана биздин никедеги он бир жыл бою бир да жолу өкүнгөн жокмун. Эшлиге бул бир аз жакпай калды. Кудайдан кийинки анын жүрөгүнүн каалоосу Даг эле, а эгер Боббиде ага карата ушундай сезимдери болбосочу? Ал Кудай чечим чыгарышын каалады, атап айтканда, аларды бири-бири үчүн тандоосун каалады. Бобби менен боло турган келечек тууралуу Кудайдан сырткары кимдир бирөө менен сүйлөшүү керектигин түшүнүү ага оор болду. Ал кимдир бирөө «Бобби Франклин» болчу. Ой жүгүртүү убактысы Бобби жана Эшли тапкандай, Кудайдын эрки айкын эки категорияга бөлүнөт: бардык адамдарга тиешелүү Анын универсалдык эрки жана жеке сиз үчүн тиешелүү Анын конкреттүү эрки. Биздин башкы каармандар сыяктуу эле, силерди да дал Анын конкреттүү эрки кызыктырып жаткандыр: мен жашоомду кантип курам жана кимге үйлөнөм (же кимге турмушка чыгам)? Бирок Кудайдын универсалдык эрки жана конкреттүү эрки тыгыз байланышкан. Бирөө экинчисиз бар боло албайт. Универсалдык Кудайдын эрки анык жана талашсыз, анткени ал Анын Сөзүндө чагылдырылган. Келгиле, бир нече мисалдарды карап көрөлү. Машаякка ишенип тапшыруу. Баарыбыз үчүн айкын болгон, Кудайдын эркинин эң маанилүү аспекти — бардык адамдардын өз жашоосун Машаякка Куткаруучу жана Теңири катары ишенип тапшыруусу жана куткарылуусу. Ыйык Сөздө айтылат: «Анткени бул жакшы жана биздин Куткаруучубуз Кудайга жагат. Анткени Ал бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалайт» (1 Тим. 2:3,4). Бүл бөлүгүн аткармайынча, Кудайдын эркинин башка аспекттери тууралуу кеп кылуунун да кажети жок. Толугу менен Машаякка баш ийүү.Өз жашооңорду Машаякка тапшыргандан кийин, Кудайдын эрки өзүңөрдүн жашооңорду, келечегиңерди жана өз эркиңерди Ага багындырууда жатат. «Ошондуктан, бир туугандарым, Кудайдын боорукердиги менен силерден өтүнөмүн: Кудайга өзүңөрдүн денеңерди тирүү, ыйык жана Ага жага турган курмандык катары бергиле. Бул силердин рухий кызматыңар болот. Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла, тескерисинче, Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билүү үчүн, акыл-оюңарды жаңылантып туруу аркылуу толугу менен өзгөрүлгүлө» (Рим. 12:1,2). Рухка толгула. Ыйык Жазууда жазылган:«Ошон үчүн акылсыз болбогула, тескерисинче, Кудайдын каалоосу эмне экендигин таанып билгиле. Шарап ичип мас болбогула, анткени бул бузулган жашоого алып барат, тескерисинче, Рухка толгула» (Эф. 5:17–18). Биз куткарылган күндөн тартып, Ыйык Рух жашообузга кирди. Кудай биздин бардык өмүрүбүздү, али ичибизде жашап жаткан Ыйык Рухка толтурууну каалайт. Кудайдын эрки — ага күндөн күнгө бизди толтурууга жол берүү. Ата-энеңерге баш ийгиле. Бардык өспүрүмдөр үчүн Кудайдын эрки — Ыйык Жазууда анык жазылгандай, ата-энеге баш ийип жашоо: «Балдар, ата-энеңерге баш ийгиле, бул Теңирге жагат, анткени ушундай кылганыңар туура» (Эф. 6:1). Мунун бирден бир себеби, Кудай Өзүнүн конкреттүү эркин ата-энеңердин кеңеши же үлгүсү аркылуу ачып бериши мүмкүн. Эгер ата-энеңерге баш ийбесеңер, анда бул эми Кудай Өз эркин ачып бере ала турган канал болбой калат. Тазалыкты сактагыла. Досуңар же курбуңар менен жыныстык байланыш кылууга Кудайдын эрки бар же жоктугун суроонун да кереги жок. Кудай муну эбак эле ачып берген: «Кудайдын каалоосу — силердин ыйыкталышыңар: ойноштук кылуудан алыс болгула» (1 Тес.4:3). Эгер силер буга чейин эч качан бирөө менен жыныстык байланышта болбогон болсоңор, никеге чейин мындай жасабагыла. А эгер мурун болгон болсо, же азыр активдүү жыныстык жашоодо жашап жаткан болсоңуз, бул маселе боюнча даана айкын болгон Кудайдын эркине азыртан баштап багынып жашоо чечимин кабыл алгыла. Өзүңөрдүн ишенимиңерди башкалар менен бөлүшкүлө. Машаякчылар Кудайдан: «Мен башкаларга Жакшы Кабар айтышым керекпи?» — деп сурашынын кажети жок. Бул боюнча Кудайдын эрки бардык ишенүүчүлөр үчүн ачык. Ыйса осуяттап кеткен: «Ошондо Ыйса аларга жакын келип, мындай деди: «Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди. Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө. Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом». Оомийин» (Мат. 28:18–20). Кудайдын эрки бул бардык элдерге Жакшы Кабар айтуу — океандын аркы жагында гана эмес, кошуна үйдө же квартирада. Эгер силер Ыйык Жазууда ачылган Кудайдын эркинин ушул жана башка аспекттерине баш ийүүнү чечкен болсоңор, анда Кудайдын конкреттүү эркин таанып-билүүгө эң жакшы мүмкүнчүлүгүңөр бар. Азыркы учурда силерде кандай суроо болуп жаткандыгы маанилүү эмес: Кимге үйлөнөм же турмушка чыгам? Билимимди каяктан улантам? Кайсы кесипти тандайм? Жана азыркы тапта биз үчүн эң маанилүү болуп, биздин чечимибизге көз каранды болгон суроолор. Өзүңөрдү Кудайдын универсалдык эркине багынууга арноо менен бирге силер Кудайга Өзүнүн эркин конкреттүү жагдайларда ачып берүүсүнө мүмкүнчүлүк бересиңер. Джинни түшүндүрүп кеткендей, Кудай Өз эркин бара-бара ачып берерин түшүнүү маанилүү. Көп машаякчылар минтип сыйынат: «Кудай, мага Өз эркиңди ушул айга, ушул жылга жана менин бардык жашоом үчүн ачып берчи». Бирок Кудай сейрек кезде гана ушундай кылат. Ыйса Өзүнүн шакирттерине айткан: «Силерге айта турган сөзүм көп, бирок азыр силер түшүнө албайсыңар» (Жкн. 16:12). Эгер, мисалы, Кудай силерге он беш жылдан кийин эмне кылаарыңарды айтып койсо, силер өзүңөрдү жаман сезмексиңер! Ошондуктан силер аны «батыра алышыңар» үчүн, Ал силерге кадам сайын ачып берет. Биз силерге Кудайдын универсалдуу эрки менен макулдукта, адеп-ахлактуу чечимдерди чыгарууга жардам бере турган, төрт баскычтуу процессти сунуштайбыз. Мисалга алсак, мугалим силерден берилген тапшырманы аткарып келгендигиңер тууралуу сурап жатат. Терс жооп силердин бааңарга таасирин тийгизет, бирок силер эми араң окуй баштагансыңар. Эмне кылыш керек? Же элестетип көрсөңөр, силердин досуңар жыйыныңардагы бир үй-бүлө тууралуу жашыруун окуя тууралуу бөлүштү жана силер аны кимдир бирөөгө айтып берүүгө чыдамыңар кетип бара жатат. Кандай кылышыңар керек? Сунушталган процесс ушундай абалдарда Кудайдын эркин билүүгө жардам берет. 1. Альтернативаларды салыштырып көргүлө. Майда-барат нерселердей көрүнгөнү менен, бул силердин туура жана туура эместин ортосундагы тандооңор. Чечим чыгаруу менен силер же Кудайдын, же өзүңөрдүн эркиңерди тандайсыңар. Альтернативаларды салыштыруу бул өзүңө суроолорду берүү: «Бул жагдайда туура же туура эместигин ким чечет?» Эске тута турган нерсе — силер туура же туура эмес деп эсептеген тандооңор эмес, силердин оюңардан көз карандысыз, объективдүү болуп саналган тандооңор. 2. Кудайдын стандарттары (үлгүлөрү) менен салыштыргыла. Өзүңөрдүн тандооңорду Кудайдын табияты жана мүнөзү менен салыштыргыла. Биринчиден, аны Кудайдын осуяттары менен салыштыргыла — Ыйык Жазуудагы тартиптер, нормалар, буйруктар менен. Бул жагдайда кандай жасаш керектиги тууралуу Ыйык Жазууда конкреттүү жерлер барбы? Анан өзүӊөрдүн тандооңорду Ыйык Жазууга негизделген универсалдык принцип менен салыштыргыла. Принциптер осуяттарда камтылган жана «эмнеге» деген суроого жооп берет. Мисалы, Он осуяттын биринин эң негизги принциби: «Жакыныңа жалаа жаппа» (Чыг. 20:16) — бул ак ниеттүүлүк. «Киши өлтүрбө» (Чыг.20:13) осуятына камтылган принцип — сүйүү. Силердин жагдайыңарга ылайыктуу библиялык принцип табууга мүмкүнбү? Акырында, өзүңөрдүн тандооңорду Кудайдын инсандыгы менен салыштыргыла. Осуяттар жана алардын артында турган принциптер жыйынтыгында бизди Кудайга алып келет. Муса минтип сыйынган: «Эгерде мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, анда өтүнөм: Сени таанып билишим үчүн, Сенин алдыңда ырайым табышым үчүн, мага Өз жолуңду ач. Бул эл Өз элиң экенин унутпа» (Чыг. 33:13). Муса Кудайдын жолдорун таанып-билүү — Анын осуяттарын жана анда камтылган принциптерин түшүнүү — ага Кудайдын инсандыгын таанып-билүүдөгү өсүшүнө жардам берерин түшүнгөн. Силер конкреттүү тандооңорду Кудайдын Инсандыгы менен салыштырганыңарда, Анын эркин жакшыраак түшүнүп каласыңар. 3. Кудайдын жетектөөсүнө баш ийгиле. Өзүмчүл каалоолоруңарды Кудайдын абсолюттук принциптери менен салыштыргандан кийин, өзүңөрдүн жолуңар менен Кудайдын жолунун ортосунда тандоо кылышыңар керек. Силерден башка эч ким бул тандоону кыла албайт. Силер аң-сезимиңер менен өз жолуңардан баш тартып, Кудайдын жолуна бекем турушуңар керек. 4. Кудайдын коргоосуна жана жардамына үмүттөнгүлө. Кудайдын өкүмдүгүн моюнга алып, Анын сүйүү менен жетектөөсүнө баш ийгенде, силер Анын коргоосуна жана жардамына таянсаңар болот. Бул эми силердин жолуңарда жалаң гүлдөр жайылып тураарын билдирбейт. Андан тышкары, силер Кудайдын жеткилеңдик принциптери боюнча жашоону чечкенден кийин, бул үчүн кез-кезде жапа чегишиңер мүмкүн экендигин Ал абдан айкын эле айтат. Бирок бул — бизге күнөөдөн боштондук, таза абийир, Машаяк тууралуу күбөлөндүрүүнүн кубанычы жана эң маанилүүсү, жашообузда Кудайдын катышуусу сыяктуу көптөгөн баталарды алып келет. Эгер силер Кудайдын жолдорун жолдойм деп чечсеңер, ошондой эле эмоционалдык, психологиялык жана башка тараптардан пайда алсаңар болот. Кудайдын жардамы жана коргоосу Ага баш ийүүнүн эң негизги себеби болбошу керек, бирок алар Анын эркин тандагандар үчүн сөзсүз шыктандыруу болот. «Эгер мен Кудайдын универсалдык эркине баш ийүү чечимин кабыл алган болсом, Анын күнүмдүк конкреттүү эркин кантип билем?» — дейсиңер силер. Анын эң эле натыйжалуу жолун Джинни түшүндүргөндөй кылсак болот. Кудайдын эркин Ыйык Жазуудан издегиле. Ыйык Жазууну билүү Кудайдын эркин таанып-билип түшүнүүдөгү эң маанилүү аспект болуп саналат. Мисалы, силер ишенбеген адам менен турмуш курууга мүмкүнбү деген суроо менен башыңарды оорутпай койсоңор болот, анткени Ыйык Жазууда айтылган: «Ишенбегендер менен бирге жат моюнтурукка кошулбагыла. Себеби адилдик менен мыйзамсыздыктын ортосунда кандай жалпылык бар? Жарык менен караңгылыктын ортосунда кандай жалпылык бар?» (2 Кор. 6:14). Эгер конкреттүү жагдайда Кудайдын эрки жөнүндө силердин түшүнүгүңөр Ыйык Жазууга ылайык келбесе, анда бул — Кудайдын эмес, силердин эркиңер. Кудайдын эркин сыйынууда издегиле. Ыйса шакирттерине сыйынганды үйрөткөн: «Силер болсо мындай сыйынгыла: Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун.Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын» (Мат. 6:9–10). Кудай Өз эркин бизден жашырбайт: Ал силерге кайда барыш керектигин көрсөтө алат жана көрсөтүүнү каалайт. Бул тууралуу Андан күн сайын жана муктаж болгон сайын сурагыла. Кудайдын эркин башка адамдардын кеңештеринен издегиле. Кудай силердин жашооңордо силер Анын эркин таанып-билгенге жардам бере ала турган акылман, руханий жетилген машаякчылар болууӊар үчүн кам көрүп койгон. Бул ролдо силердин ата-энеңер же туугандарыңар да болушу мүмкүн. Ошондой эле өзүңөрдүн жаштар жетекчиңерден, жекшемби күнкү мугалимден же кызматчыдан жардам жана жетектөө сурасаңар болот. Акылман машаякчылардын кеңеши эки тараптуу пайдасын бериши мүмкүн. Биринчиден, башка адамдардын объективдүү көз карашы силерди эмоционалдык жана шашылыш чечимден сактап калат. Экинчиден, руханий жетилген адамдын, балким, силерде жок болгон жашоодогу тажрыйбасы бар болушу мүмкүн. Кудайдын эркин өз жагдайларыӊардан издегиле. Көп учурда Кудай биз контролдой албаган жагдайлар аркылуу багыт көрсөтүп жаткандай сезилет. Мисалы, силердин музыкага шыгыңар бар болсо, консерваторияга тапшырууга мүмкүнчүлүк пайда болуп калат. Бул жагдайлар силерге музыкалык билим алыш керектиги тууралуу кабарлашы мүмкүн, ошондуктан ага көңүл кош мамиле жасабоо керек. Башка тарабынан, мисалга алсак, силер Кудайга дал ушул музыкалык жөндөмүңөр менен кызмат кылгыңар келет, бирок силерде окуу мүмкүнчүлүгү жок. Бирок жагдайлар силердин пайдаңарга эмес болгону, музыка аркылуу Кудайга кызмат кылууңарга анын эрки жоктугун билдирбейт. Жагдайлар өзүнөн-өзү Кудайдын эркин анык чагылдырбайт. Ал менен бирге Ыйык Жазуу, сыйынуу жана акыл-кеңештерди да эске алыш керек. Эми силер өзүңөрдүн жашооңорду Кудайдын универсалдык эрки менен макулдаштырдыңар дейли (куткарылуу, баш ийүү, Рухтагы жашоо ж.б.) жана анын конкреттүү эркин Ыйык Жазуу, сыйынуу, кеңештер жана жагдайлар аркылуу издеп жатасыңар. Эмне кылыш керектигин кантип чечесиңер? Жөн гана эмне каалап жатканыңарды жасагыла. Ыйык Жазуу убадалаган: «Теңир менен кубан, ошондо Ал жүрөгүңдөгү каалоолорду ишке ашырат» (Заб. 36:4). Эгер силер Кудайдын универсалдык эркине баш ийип, Анын конкреттүү эркин издеп жатсаңар, жүрөгүңөрдүн каалоосун ээрчисеңер болот. Силер Теңирден жана Анын эркинен сооронуч алгандыктан, эгер силердин каалооңор анын эрки менен төп келишпесе, Ал силерге бул тууралуу эскертээрине үмүттөнүп, ишеним менен кадам таштасаңар болот. Силер Кудайдын эркин издегенде, чечим чыгарардан мурун, Бобби жана Эшлиники сыяктуу, силер менен сыйынып, маектеше ала турган ишенимдүү машаякчы досторуңардын болушу силер үчүн эң чоң бата болот. БОББИ ЖАНА ЭШЛИНИН ОКУЯСЫ Бобби жекшемби күнү кечинде үйгө кайтаары менен дароо Эшлиге телефон чалды. Ал үч күн бою Эшлини сагынды жана экөө бирге убакыт өткөзөрүнө үмүттөндү. Эшли да Боббини сагынып, анын телефон чалуусун күтүп турган. Аба-ырайы жылуу болуп, күн чайыттай ачылып турган, алар чоң бакчасы бар паркта жолугушууну чечти. Бобби тоого ала барган фотоаппаратын ала келем деп айтты. Ал пленкасын аягына чыгарыш үчүн, бир нече кадр жасоону каалаган. Бакчада сейилдешкенче, алар дем алыш күндөрүн кандай өткөзгөндүгү тууралуу бөлүшүп жатышты. Бобби кантип балык кармап, Даг Шоу менен кандай кызыктуу убакыт өткөргөнүн айтып берди. Эшли Джиннинин үйүндө түнөп, бирге дүкөндөрдү кыдырып жүргөндүгүн айтып берди. Бирок бири да ал жакта болгон олуттуу маектер тууралуу сөз кылган жок. Эшли бул сөздү баштайын деп жаткан заматта, капыстан Бобби айтты: — Биз ортого жагылган отту тегеректеп отурганда, көп жана узун маектештик. — Бейсбол, балык уулоо тууралуубу? — деп какшыктады Эшли. Бобби каткыра күлдү. — Ооба, ал тууралуу дагы. Бирок мен биздин жашообуздагы Кудайдын эрки сыяктуу нерселер тууралуу деп жатам. Биз Дагдан кантип Кудай аны азыр алек болуп жаткан ишине алып келгендиги жөнүндө сурадык. Ал тургай бул тууралуу сыйындык. Эшлинин көздөрү чекчейе түштү. — Койчу! Биз да Кудайдын эрки тууралуу сүйлөшүп сыйынуу убактын өткөздүк. Анан Джиннини бардык окуясын толугу менен айтып бергенге көндүрдүк. Эшли Джинни менен Даг кантип бири-бирин табышкандыгы тууралуу териштирип айтканга киришкен жок. Анан алар бири-биринин «олуттуу маектери» канчалык окшош болгондугун айтып күлүштү. Бобби Дагдын окуясы менен бөлүштү, ал колледжге окууга акча табуу үчүн флотко кызматка баргандыгы, кийин өзүнүн жеке ишин, бизнесин баштоо үчүн атасынын колунда иштеп акча чогулткандыгы тууралуу айтып берди. Эшли Джиннинин турмушка чыгуусу жөнүндө кеп козгобой, анын окуясын айтып берди. Алар экөө тең, Даг жана Джинни Кудайдын универсалдык жана конкреттүү эрки тууралуу көп билгендигине жана алардын жашоосу анын айкын далили экендигине макул болушту. Бир нече мүнөткө алардын көңүлү нарцисстерге түштү, Бобби Эшлини кооз гүлдөрдүн фонунда сүрөткө тартты да, өтүп бараткан адамдан аларды бирге сүрөткө тартып коюусун өтүндү. Алар андан ары сейилдегенде, Эшли өзүн колго алып, бир жылдан бери жүрөгүн өйүткөн суроону берди: — А сен өзүңдүн жашооңдо Кудайдын эркин кандай көрөсүң — колледж, бейсбол жана башкалар тууралуу? Ал «жана башкалар» деген сөздүн астында өзү жөнүндө айтып жатканын түшүндү. — Мен акыркы убакта бул тууралуу көп ойлондум — бир канча жумадан кийин мектеп да аяктайт да. Ошондой эле бардыгы менин колледж жана бейсбол тууралуу чечимимди билгиси келип турат. — Сен бейсбол менен, бүтүрүү сынактарына даярдык менен аябай бош эмес болдуң, — деп түшүндүрүүгө аракет кылды Эшли. — Андан тышкары, сен жыйындын жаштар группасынын лидерисиң. — Туура, мен чындыгында бош эмес болдум. Бирок бул мен али чечим чыгара элегимдин себеби эмес. Эшли күтүп турду. Бобби даяр болгондо, кененирээк сүйлөөрү жөнүндө ал билген. — Чындыгын айтканда, Кудай мен үчүн эмне кааларын так билбегендиктен, ушунча создуктурдум. Даг мага абдан чоң жардам көрсөттү. Мен Эми Ыйык Жазууда Кудайдын эрки тууралуу эмне деп айтылганын жакшыраак билдим. Алар басып бараткан жолдун боюнда отургуч турган, Бобби дем алышта талыткан тоого чыгуудан кийин эс алышы керектигин айтып тамашалап, отургучка отурууну сунуштады. — Азыр мен үчүн үч нерсе эң маанилүү экендигин түшүнүп жатам, — деди Бобби. — Биринчиден, бул Кудай. Экинчиден, сен, тагыраак айтканда, биз экөөбүздүн келечегибиз. Үчүнчүдөн, бул бейсбол. Мен мектепте окуп жатканда, аны бирге алып кетүү мүмкүн болчу. Азыр мен бир топ чечимдерди чыгарышым керек жана ушул убакыт бою мен Кудай менин эмне кылаарымды ачып беришин күтүп жаткам. Бирок ушул дем алыштардан кийин, Ал менин эң активдүү катышуумду күтүп жатканын түшүндүм. — Билесиңби, мен да бул тууралуу ойлонгом, — деп толуктады Эшли. — Мен ата-энем менен кайсы университетке тапшыраарым тууралуу макулдашканым менен, кайсы кесипти тандашым керектиги жөнүндө так билбей турам. Кудай бизге тандоо мүмкүнчүлүгүн бергендиги мен үчүн чыныгы ачылыш болду. — Биз анын универсалдык эркине баш ийип, анын конкреттүү эркин издеген учурда, — деп толуктады Бобби, Дагдын айтканын эстеп. — Туура, — деп кошулду Эшли. Ал өзүн токтоткуча, анын оозунан чыгып кетти: — Ошондо сен эмне кылгың келет, Бобби? — деди ал демин чыгарбай. Бобби ой жүгүртө, көздөрүн асманга бурду. Акыры айтты: — Эми, азыр профессионалдуу кызматка чакырыкты сезе элекмин, ошол үчүн библиялык колледж мен үчүн азыр алдыңкы орунда эмес. Балким, кийинчерээк сабактарга катышам, бирок азыр эмес. — Хм… — деди Эшли бул вариантты тизмеден чийип салууга болооруна ыраазы болуп. — Ал эми профессионалдык спортко мен азыр даярмын деп ойлобойм. Менин деңгээлимдеги оюнчулар көп жылдарын кенжелер лигасында, үй-бүлөсүнөн алыстыкта, дайым орундан орун которуп өткөзөт. Мен үчүн колледжде бейсбол ойноп, диплом алуу алда канча жакшы болмок. А төрт жылдан соң, селекционерлер дагы деле мага кызыкдар болушат, мен ошондо профессионалдык карьерам тууралуу чечим чыгарсам болот. Эшли ичинен жылмайды. Буга чейинки алардын каалоолору толугу менен дал келип турду. — А сен каерде окугуң келет? — деп кызыкты ал. — Сага бир нече колледжде стипендия сунушташты эмеспи. Бобби баш ийкеди. — Бул жерде мага жашоомдун башка приоритеттери жардам берди. Окуудан тышкаркы бош убактымда жыйын кызматы менен болом деп үмүттөнөм жана Даг эгер келерки жылы бул жерде болсом, жаштар ишине жардам берүүмдү өтүндү. Бул толугу менен менин купулума толот, — Бобби акырындан Эшлини колунан кармады. — Анан дагы, сенден ажыроо — мен каалаган нерсе эмес. Эгер Кудай мени ушуга алып бараткан болсо, мен сенден ажырамакмын, бирок ушул дем алыштарда Кудай менин жүрөгүмдүн каалоолорун аткарууну кааларын түшүндүм. А менин жүрөгүмдүн каалоосу — сен менен болуу. Эшли анын колун бекем кысты, анын көзү кубанычтан жашка толду. Бобби улантты: — Бизди алыскы келечекте эмне күтүп жатканын билбейм, Эшли. Даг менен Джинни айткандай, адатта, Кудай өз эркин акырындык менен ачып берет. Бирок жакынкы келечекте биз бирге болушубузду каалайм. Университетте бейсбол командасы бар экен, алар чакан стипендия сунуштады. Ошондуктан мен сени менен бирге университетте окууну каалайм, эгер сен да ошону кааласаң. Эшлинин көзүнөн жаш агып жатты. — Менин эң баарынан көп кааларым, экөөбүзгө байланыштуу Кудайдын эрки аткарылышы, — деди ал. — Эгер Кудайдын эрки менин жүрөгүмдүн каалоосун аткарууда болсо, анда мен үчүн сенин чечимиңден өтөр кубаныч жок. Бир саатка жакын алар келечек тууралуу кыялдары менен бөлүшүп отурушту. Анан кол кармашып, каалоолорун жана кыялдарын сыйынууда Кудайга тапшырып, бекем кучакташышты. Андан кийин, азыркы учурдагы Кудайдын эрки алардын тамактануусу экенин айтып күлүп, бирге мексика ашканасына кетишти. Ой жүгүртүү убактысы Бобби профессионалдык бейсболдо ойнойбу, же Эшли экөө үйлөнөбү, бул тууралуу айтуу али абдан эрте. Бирок алардын ушул маанилүү чечимдер тууралуу тынчсыздануусу акырындап азая баштады. Эми аларда Кудайдын эркине байланыштуу анык библиялык жетектөө бар. Эгер төмөнкү негизги принциптерди жашооңордо кармансаңар, силер да ушундай ишенимдүүлүктү сезесиңер: Кудайдын универсалдык эркине баш ийгиле. Куткарылуу, рухтагы жашоо, күбөлөндүрүү, ата-энеге баш ийүү, тазалык жана башка нерселерге карата Кудайдын ачык-айкын эркине баш ийүүнү максат кылып койгула. Кудайдын конкреттүү эркин издегиле. Өзүңөрдүн ар бир чечимиңерди Ыйык Жазуу, сыйынуу, кеңештер жана жагдайлар аркылуу текшерүүдөн өткөргүлө. Кудайдын конкреттүү эркине баш ийгиле. Күн сайын ишенимде жашоого үйрөнгүлө. Эгер силердин каалооңор Кудайдын эркине ылайык келбесе, Кудай ал тууралуу эскертерине ишенгиле. Эмнени кааласаңар, ошону жасагыла. Эгер силердин эң негизги каалооңор Кудайга кызмат кылуу болсо, Кудай жүрөгүңөрдүн каалоосун аткараарына ишенимдүүлүк менен жашагыла. Келечек тууралуу кам санабагыла. Кудай кудуреттүү жана силердин келечегиңер анын колунда, ошондуктан үй-бүлө куруу жана карьера тууралуу тынчсызданбагыла. Жөн гана күн сайын айткыла: «Теңир, мен Сен каалаган нерсени кылгым келет». Ал Өзүнүн эркин аткарып, силердин жүрөгүңөрдүн каалоосун аткарыш үчүн, силердин ичиңерде Өзү иштейт. АВТОРЛОР ЖӨНҮНДӨ ДЖОШ МАКДАУЭЛЛ — атактуу насаатчы, жазуучу жана ар кандай өлкөлөрдө туруктуулук менен чогулуш өткөрүп жаткан эл аралык кызматынын өкүлү. Ошондой эле ал элүүдөн ашуун китептердин автору жана башка атактуу жазуучулар менен авторлош. Джош жубайы Дотти жана төрт баласы менен Техас штатында, Даллас шаарында жашашат. ЭД СТЮАРТ — көптөгөн машаякчыларга арналган китептердин автору жана башка атактуу жазуучулар менен авторлош. Өзүнүн жазуучулук бай тажырыйбасын колдонуп, Эд Стюарт жаштарга арналган адабий чыгармаларын Джош Макдауэлл менен биргеликте баштаган. Кийинчерээк Эд Стюарт чоӊдорго арналган эӊ кызыктуу төрт романдын автору боло алган. Эд жубайы Керол экөө Орегон штатында, Хиллсбородо жашашат. Алардын бойго жеткен эки баласы жана төрт небереси бар.